Улуттук банк 2021-жылы Кыргызстан "белгисиз өлкөлөргө" 19 тоннадан ашык алтын экспорттолгону тууралуу Статистика комитетинин буга чейинки маалыматын тастыктады. Буга чейин "Азаттык" Кыргызстан былтыр чет өлкөгө рекорддук көлөмдө 1,1 миллиард долларлык алтын сатканы тууралуу жазган.
Улуттук банк өзүнүн расмий сайтында муну акча-кредит саясатынын алкагында чет элдик валютадагы ликвиддүүлүктү камсыз кылуу максатында Европа өлкөлөрүнүн бирине алтын жайгаштыруу операциясы катары түшүндүргөн.
"Тышкы рыноктордо алтынды сатып өткөрүүдөн алынган валюталык каражаттар Улуттук банктын эсебине түшкөн. Мындан ары аталган каражаттар 2021-жыл ичинде өлкөнүн ички валюта рыногунда интервенцияларды жүргүзүүгө (735 млн. АКШ долларынын тегерегинде), чет элдик валютада өлкөнүн башка милдеттенмелерин жана тышкы карызды төлөө боюнча төлөмдөрдү жүргүзүүгө (200 млн. АКШ доллары тегерегинде) багытталган. Буга кошумча, эл аралык резервдердин деңгээли 2021-жылдын аягында 169,5 млн. АКШ долларына же 6,0% көбөйүп, 2 977,6 млн. АКШ долларын түзгөн", - деп айтылат расмий маалыматта.
Ошондой эле Борбордук банктардын эл аралык тажрыйбасында алтын-валюта резервдери менен операциялар жөнүндө маалыматтар коопсуздук принциптерин сактоо зарылчылыгынан улам купуя маалыматтардын категориясына кире турганы жана операциялар тууралуу маалымат чектелген мүнөзгө ээ экени айтылган.
Дагы караңыз
Кыргызстандын алтыны: 19 тонна кайда сатылган?2021-жылы май айында Министрлер кабинети канадалык "Центерра Голд" компаниясын кетирип, Кумтөргө өзүнүн менежерин дайындаганын, мындан ары кендеги өндүрүш бүт бойдон Кыргызстанда каларын билдирген. Мунун айынан былтыр баалуу металлдардын экспорту кескин кыскарган.
луттук статистикалык комитеттин маалыматтары боюнча Кыргызстан былтыр чет өлкөгө рекорддук көлөмдө алтын саткан. Кыргызстандан казылган алтындын 70% ашыгы кайсы өлкөлөргө экспорттолгону белгисиз.
Июль айында Улуттук статистикалык комитет 2021-жылдагы тышкы соода боюнча такталган маалыматтарды жарыялады. Анда алтын экспорту азайбай эле, рекорддук чекке көтөрүлүп, көлөмү 24,8 тоннага жеткени белгилүү болгон. Анын 4 тоннасы Улуу Британияга, Швейцарияга 1 тонна алтын, ошондой эле Орусияга, Кытайга, Италияга жана Түркияга да аз-аздан экспорттолгон. (КЕ)
Дагы караңыз
Акылбек Жапаров: балдарга карата кылмыш кылгандар жазасыз калбайт HRW Тоолуу Бадахшандагы кырдаал тууралуу тажик бийлигине кайрылдыАКШнын чалгын кызматы: Орусия Украинага чабуул жасоого камынууда Кең-Булуңда Журат Абдуллаевди колдогондор митингге чыкты Болот Темировдун соту тергөөчүлөр келбегенинен улам 25-августка жылды