Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:50

АКШнын чалгын кызматы: Орусия Украинага чабуул жасоого камынууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

АКШнын чалгын кызматы Орусия жакынкы убакта Украинадагы мамлекеттик объектилерге, жарандык инфраструктураларга чабуул жасоого камданып жатканы тууралуу эскертти. Бул тууралуу Reuters жана The New York Times басылмалары өз булактарын шилтеме кылып жазышты.

Кошмо Штаттарынын бийлиги чалгын кызматынын маалыматы мындай коркунуч тууралуу кеңири билдирүү максатында ачыкка чыгарылганын белгилеп жатат.

Украинада 23-августта мамлекеттик туу күнү, ал эми 24-августта эгемендик күнү белгиленет. Буга чейин украин президенти Владимир Зеленский майрам күндөрү Орусия "ырайымсыз" чабуулдарын күчөтүшү мүмкүндүгүн эскерткен.

Мунун алдында Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Валерий Залужний Орусия кол салган алты айдан бери дээрлик 9 миңге жакын украин жоокери каза болгонун жарыялаган.

Орусия 24-февралда Украинага басып киргенден бери эки тарап тең жоготуулар тууралуу маалымат берүүдөн карманып келишет.

Москва аскерлердин өлүмү тууралуу маалыматтарды мамлекеттик сыр катары карап жатат жана жоготуулар тууралуу маалыматтарды дээрлик жаңылабай жатат. Орус тарап соңку ирет 25-мартта 1351 жоокери өлгөнүн билдирген.

XS
SM
MD
LG