Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 23-августта республикалык педагогикалык кеңешмеге катышты. Анда билим берүү тармагындагы бир катар жагдайларга токтолуп, балдарга карата зордук-зомбулук көбөйүп жатканын айтты.
Өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, Жапаров буга байланыштуу айрым мыйзамдарга өзгөртүү киргизилгенин белгиледи.
"Эми балага каршы кылмыш жасаган бир дагы кылмышкер жазадан качып кутула албайт, эскирүү мөөнөтү өткөнүнө карабастан, психикалык жактан ооруса дагы, шарттуу түрдө эркиндикке чыга албайт, мунапыс ала албайт. Баарыбыз, жалпы коомчулук, ата-энелер, мугалимдер жана социалдык кызматкерлер, дарыгерлер жана психологдор, милиционерлер, судьялар, адвокаттар, укук коргоочулар үчүн эң негизгиси – дароо коңгуроо кагып, зордук-зомбулуктун бир дагы фактысын көз жаздымда калтырбастан, дароо жооп кайтарып, мындай учурларды түп-тамыры менен аёосуз жок кылууга жана болтурбоого аракет кылуу керек",-деди өкмөт башчы.
Президент Садыр Жапаров 11-августта "Кыргызстандын айрым мыйзам актыларына, Кылмыш-жаза кодексине, Мунапыс берүү негиздери жана анык колдонуу тартиби жөнүндө” мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөргө кол койгон. Ага ылайык, балдарга каршы зомбулук, кылмыш жасагандар өмүр бою эркинен ажыратылып, салынган айыптын өлчөмү көбөйтүлөт. Ошондой эле кылмыш жоопкерчилигине тартуу мөөнөтү эскирбейт, ооруга чалдыкканына байланыштуу мөөнөтүнөн мурда абактан чыкпайт жана эч кандай мунапыс берилбейт.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, былтыр балдарга карата 3034 кылмыш иши катталган, анын 500гө жакыны сексуалдык зомбулукка байланыштуу.