Ульяновск облусундагы кырсыкты Орусиянын Тергөө комитети иликтейт

Кырсык болгон жер. Ульяновск облусу. 21-август, 2022

Орусиянын Тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрыкин Ульяновск облусунда 16 адамдын өмүрүн алган кырсык боюнча кылмыш ишин Тергөө комитетине өткөрүп берүүнү тапшырды. Бул тууралуу Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди. Жолдогу каргашалуу окуяда Кыргызстандын 14 жараны каза тапкан.

Тергөө комитетинин сайтында Бастрыкин жол кырсыгынын бардык жагдайларын аныктоону, унаалардын техникалык абалы боюнча документтерди териштирүүнү жана адамдарды ташууда коопсуздук талаптарынын сакталышын текшерүүнү тапшырганы белгиленген.

21-августта Ульяновскидеги ири жол кырсыгында 16 адам каза болгон, алардын 14ү кыргыз жараны экени такталган. Дагы үч адам ооруканага жеткирилген.

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктардын өмүрүн калган кырсыкка байланыштуу 22-августта кайрылуу жасады. Анда 23-августту Кыргызстандын аймагында аза күтүү күнү деп жарыялаганын билдирди.

Маркумдардын сөөгү Кыргызстанга 23-августта алынып келинет. (КЕ)

Дагы караңыз

Ала-Букада "Шырмал" фестивалы өттүЗеленский украин туткундары соттолсо, Орусия менен сүйлөшүү токтой турганын билдирдиОрусиядагы кырсыкта каза болгондордун сөөгү 23-августта өлкөгө алып келинетШольц Орусиянын газына альтернатива табуу үчүн Канадага келди