Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:48

Ала-Букада "Шырмал" фестивалы өттү


Ала-Букадагы фестиваль.
Ала-Букадагы фестиваль.

Ала-Бука районунун Көк-Серек айыл аймагында "Шырмал" фестивалы өтүп, анда 40 уз-чебердин эмгектери коюлду. Иш-чаранын уюштуруучусу Фарида Томуеванын айтымында, мындагы максат шырмалды райондун бренди катары коомго таанытуу.

"Көпчүлүк эле райондордо шырдакты даңазалап, брендге айлантып жатышат. Биздин райондогу уз-чеберлер болсо, негизинен шырмал тигишет. Мунун түйшүгү да түмөн. Айымдарыбыз шырмалдардан сырткары жүндөн жасалган буюмдардын 30 дай түрүн коюшту. Курак, саймаларга да басым жасалды, - деди Томуева.

Фестивалдын алкагында жип ийирүү, жүн сабоо, шырмал шыруу жана кийизден жасалган буюмдардын түрлөрү боюнча айымдар арасында сынак өтүп, жеңүүчүлөргө дипломдор жана акчалай сыйлыктар берилди.

Ала-Бука районунда жыл сайын “Шырмал” фестивалы өтүп келет. Шырмал бул аймакта өзгөчө бааланып, кызды турмушка узатууда сепке кошулуп берилет. (ТВ)

Уз айымдар Ала-Буканын атын чыгаргысы келет
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:25 0:00

XS
SM
MD
LG