Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:38

Зеленский украин туткундары соттолсо, Орусия менен сүйлөшүү токтой турганын билдирди


Владимир Зеленский
Владимир Зеленский

Украинанын президенти Владимир Зеленский эгер Мариупол шаарында туткунда турган украин аскерлеринин үстүнөн сот өтсө, Киев менен Москванын сүйлөшүүсүн мындан ары толук токтой турганын билдирди. Бул тууралуу ал 22-августта тараткан видеокайрылуусунда билдирди.

“Эгер бул жийиркеничтүү сот өтө турган болсо, эгер бардык келишимдерди, эл аралык эрежелерди бузуу менен биздин жарандарды соттошсо биздин мамлекеттин реакциясы кандай болору белгилүү. Бул мындан ары бардык сүйлөшүүлөр токтойт дегенди түшүндүрөт. Орусия өзүн-өзү сүйлөшүүлөрдөн чыгарып салат. Андан ары сүйлөшүү болбойт”, – деди Зеленский.

Украин президенти колго түшкөн аскердик туткундар мекенин коргогон баатырлар экенин белгилеп, аларды кемсинтүүгө Украина чыдабай турганын кошумчалады.

“Донецк Элдик Республикасы” – “ДЭР” (ДНР) жикчил түзүмүнүн башчысы Денис Пушилин мурдараак “аскердик трибуналга даярдык жүрүп жатканын, анын биринчиси Мариупол шаарында өтө турганын” билдирген. Ал Зеленскийдин сөзүнөн кийин 22-августта да орусиялык басылмаларга комментарий берип, бул соттук иш улантыла турганын ырастады.

“Россия-24” телеканалына курган маегинде Пушилин бул соттук отурумду өткөрүүгө Зеленскийдин сөзү тоскоол болбой турганын, “Азовдогу” 80 эпизод боюнча 23 адамдын иши карала турганын айтты.

Мурдараак Life басылмасы орусиялык күчтөр жана жикчилдер убактылуу басып алган Мариупол шаарынын филармониясында соттолуучулар үчүн жасалган металл торлор тууралуу видео жарыялаган. Мариуполдун украин мэри Вадим Бойченко орус аскерлери украин аскердик туткундарынын үстүнөн каралчу соттук ишти 24-август – Украинанын эгемендик күнүндө башташы мүмкүн экенин билдирген.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн курамындагы "Азов” полкунун жоокерлери 2022-жылдын жазында Мариупол шаарын коргоого активдүү катышып, жүздөгөнү өлүп, миңдегени орус тарапка колго түшкөн. (ErN)

XS
SM
MD
LG