Чолпон-Атада КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жаштарынын форуму өтөт

25-26-августта Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынын утурлай КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жаштарынын форуму өтөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, ага 200дөн ашык адам катышат.

Жаш активисттер, мамелкеттик кызматкерлер жана дипломаттардын башын бириктирген форум биримдиктин жана КМШ өлкөлөрүнүн жаштарынын өз ара аракеттенүү процесстерин кеңейтүүгө, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталганы кабарланды.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны 25-26-августта Чолпон-Ата шаарында өтөт. Маалыматка ылайык, иш-чарага Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров төрагалык кылат. Анда бир катар эки жана көп тараптуу жогорку деңгээлдеги жолугушуулар уюштурулары күтүлүүдө.

Буга чейин, 12-августта Чолпон-Атада жаштардын эл аралык "Кыргызстан -2022" саммити өткөн. Уюштуруучулар саммит "Заманбап жаштардын ишмердүүлүгү: азыркыдан келечекке" деген темада өтүп, гуманитардык, маданият, билим берүү, коомдук-саясий кызматташтык маселелери талкуулганын билдиришкен. (КЕ)

Дагы караңыз

Орусияда кырсыкта каза болгон төрт жаран Жалал-Абаддын тургундарыБишкек шаардык соту Адилет Балтабайды абакта калтырдыКырсыкта каза болгондордун сөөгүн Кыргызстанга алып келүү үчүн атайын учак барат Иран АКШны өзөктүк келишимди жандантууну кечеңдетип жатат деп айыптадыЗеленский эгемендик майрамдын алдында Орусия чабуулдарын күчөтөрүн эскертти