Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:17

Иран АКШны өзөктүк келишимди жандантууну кечеңдетип жатат деп айыптады


Насер Канаани
Насер Канаани

Тегеран Вашингтонду өзөктүк келишимди жандантуу боюнча кыйыр сүйлөшүүлөрдү атайылап созуп жатат деп айыптады. Бул тууралуу Ирандын тышкы иштер министринин өкүлү Насер Канаани 22-августтагы басма сөз жыйынында айтты.

Ал АКШ менен соттолуучуларды алмаштыруу өзөктүк сүйлөшүүлөргө тиешеси жоктугун, америкалык бийлик ошого таяп келишимди жандантууну кечеңдетип жатканын билдирди.

“Америкалыктар созуп жатышат, ал эми европалыктар унчукпай турушат. Америка менен Европа келишимге келүүгө Иранга караганда көбүрөөк муктаж экенин эске салып коёюн”, – деди Насер Канаани.

2015-жылы Иран алты мамлекет – Кытай, Орусия, Германия, Франция, АКШ жана Британия менен өзөктүк макулдашууга жетишкен. Ага ылайык, Тегеран өзүнүн өзөктүк программасын чектемек. Бул үчүн ага салынган санкциялар акырындык менен алынмак.

2018-жылы АКШ Тегеранды өзөктүк курал өндүрүүнү улантып жатат деп айыптап, келишимден чыгып кеткен. Натыйжада ага каршы чаралар кайрадан киргизиле баштаган. Иран анын артынан өз милдеттемелерин аткаруудан баш тарткан.

Келишимди кайрадан жандантуу боюнча сүйлөшүүлөр былтыр апрелде Венада башталган. Ал жыйынтыкталып калганы айтылганы менен тараптар бир пикирге келе албай, сүйлөшүүлөр улам-улам үзгүлтүккө учурап жаткан. Жаңы келишимдин долбоору диалогго катышып жаткан өлкөлөргө 8-августта жеткирилген. Ирандын бийлиги ага 16-августта жооп берген.

Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча башкы комиссары жана сүйлөшүүлөрдүн координатору Жозеп Боррелдин өкүлү Ирандан кагаз түрүндөгү жооп алышканын, ал изилденип жатканын ырастады. Ал дагы башка деталдарды келтирген эмес. Боррел анын алдында долбоор “соңку текст экенин” жана ал “ооба”, же “жок” деген гана жоопту талап кыларын, ал кабыл алынбаса сүйлөшүү уланбай калышы мүмкүндүгүн эскерткен.

Мунун фонунда Тегеран АКШда кармалып жаткан ондогон ирандыктарды мекенине кайтаруу боюнча Вашингтон менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп келет. Ошол эле маалда Кошмо Штаттардын бийлиги Иранда камалган ирандык-америкалык жарандарды, анын ичинде ишкер Сиамак Намазини бошотууга кызыкдар. (ErN)

XS
SM
MD
LG