Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:20

Орусияда кырсыкта каза болгон төрт жаран Жалал-Абаддын тургундары


21-августта Ульяновскидеги ири жол кырсыгында каза болгондордун төртөө Жалал-Абад облусунун тургундары болгон. Мындай маалыматты "Азаттыкка" аймактагы жергиликтүү бийликтен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, маркумдардын арасында Аксы районунун Үч-Коргон айыл аймагынын 22 жана 23 жаштагы тургундары болгон. Калган экөө Таш-Көмүр шаары менен Сузак районунун Жыгач-Коргон айылынын жашоочулары.

Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн адиси Бактыгүл Атантаеванын "Азаттыкка" билдиришинче, аксылык эки жигит эки жылдан бери Орусияда иштеп жүргөн.

“Алар 1999-жылы туулган А. Т уулу жана 2000-жылы туулган Ш. Ж. Эки бала тең эки жылдан бери Орусияда иштеп жүргөнү белгилүү болду. 23 жаштагы маркумдун ата-энеси да Москвада эмгектенип жүргөн экен. Бүгүн айыл аймактын жооптуу кызматкерлери маркумдардын үйлөрүнө барып, жакындарына көңүл айтып кайтышты. Азыр алардын жакындары сөөктөрдү күтүп жатат”,- деди Атантаева.

Каргаша болгон жерде учурда Кыргызстандын Орусиядагы кыргыз элчилигинин өкүлдөрү жүргөнү, соттук-медициналык экспертизалар аяктагандан кийин маркумдардын сөөгү мекенине жөнөтүлөрү айтылды.

21-августта Ульяновскидеги ири жол кырсыгында 16 адам каза болгон, алардын 14ү кыргыз жарандары экени такталган. Маалыматтарга караганда, аварияга учураган кичи автобустагы кыргызстандыктар "кирди-чыкты" талабынан улам орус-казак чек арасына келип, кайра кайтып баратышкан.

Президент Садыр Жапаров 23-августту өлкөдө аза күтүү күнү деп жарыялады.(TB)

XS
SM
MD
LG