Орусиядагы жол кырсыгында кадамжайлык жубайлар каза болду

Орусия. Кырсыкка кабылган кичи автобус. Сүрөт Кубанычбек Эркинжан уулуна таандык.

Бул тууралуу "Азаттыкка" Москвадагы Кадамжай коомунун өкүлдөрү билдирди. Алардын ырасташынча, кырсыкта каза болгондордун арасында аталган райондун дагы бир тургуну бар.

Айрым бир маалыматтарга караганда, Баткен облусуна караштуу Кадамжай районундагы Марказ айылында жашаган маркум жубайлардын артында үч баласы калды.

Буга чейин каргашада мерт болгон жарандардын төртөө Жалал-Абад облусунан экени белгилүү болгон.

Президент Садыр Жапаров Орусиянын Ульяновск облусунда 21-августта 14 кыргыз жараны мерт болуп, дагы үчөө жараат алган окуяга байланыштуу кайрылуу жасады. Анда 23-августту Кыргызстандын аймагында аза күтүү күнү деп жарыялаганын билдирди.

Маалыматтарга караганда, аварияга учураган кичи автобустагы кыргызстандыктар "кирди-чыкты" талабынан улам орус-казак чек арасына келип, кайра кайтып баратышкан. Учурда ооруканада жаткан кыргыз жарандарынын абалы оор.

Мерт болгондордун жакындары үчүн элчиликтин (+7 926 861 50 98, +996 551 312-000) атайын телефондору күнү-түнү иштеп жатат.

Соңку кездери Орусиядагы мигранттарга каттоо талабынын күчөгөнүнө, кыргыз элчилигинин ишине байланыштуу сын-доомат көп айтылып жаткан.

Дагы караңыз

УКМК: Журат Абдуллаевдин үйүнөн маңзат, ири суммадагы акча табылды Орусияда кырсыкта каза болгон төрт жаран Жалал-Абаддын тургундарыУльяновскидеги кырсык: Кыргызстанда 23-августта аза күтүү күнү жарыяланды Журат Абдуллаев УКМКнын тергөө абагына эки айга камалдыМилиция 30-августтан тартып күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өтөт Өкмөт башчы Кара-Балтадагы спирт заводун жаңылоону тапшырды