Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:50

Өкмөт башчы Кара-Балтадагы спирт заводун жаңылоону тапшырды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусуна караштуу Жайыл районунда жайгашкан "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасына барды. Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче, ал ишкананы көрүп чыгып, жабдуулардын абалы жана өндүрүш көлөмүн кеңейтүү пландары тууралуу маалыматты укту.

"Акылбек Жапаров ишкананын лабораториясына эл аралык стандарттагы заманбап жабдууларды сатып алууну тапшырды. Лабораториянын иши кынтыксыз болушу керектигин, "Люкс" классындагы продукциянын сапатынан эч ким кынтык таппагандай болушу керектигин айтты. Тиешелүү мамлекеттик органдарга жана ишкананын жетекчилерине жумушчулардын маянасын жогорулатууну, кесипкөй адистердин эмгек акысын төлөөнүн эселенген коэффициентин белгилөө мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну жана өнөктөштөр менен ыкчам сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү тапшырды. Мындан сырткары заводдун продукциясын келечекте чет өлкөгө экспорттоо маселелери талкууланды", - деп жазылган маалыматта.

Кара-Балта заводу совет учурундагы алдыңкы ишканалардын бири болгон жана эгемен жылдары аны модернизациялоого бир нече жолу аракет жасалган.

Июль айында президент Садыр Жапаров 1-сентябрдан тартып этил спиртин өндүрүү, импорттоо, сактоо жана сатууга 100% мамлекеттик монополия киргизүү үчүн "Этил спиртин өндүрүүгө, сактоого жана сатууга 100% мамлекеттик монополияны киргизүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" жарлыкка кол койгон.

XS
SM
MD
LG