Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) мыйзамсыз курал сактоого шек саналып камалган ишкер Журат Абдуллаевдин үйүн жана иштеген кеңсесин тинтүү маалында маңзат жана ири суммадагы акча табылганын билдирди. Атайын кызматтын билдиришинче, ар кандай валютада жалпысынан 822 миллион сомдой акча алынганы айтылат.
Буга байланыштуу ишкердин жакындары, адвокаты азырынча комментарий бере элек.
Журат Абдуллаев 20-августта Бишкектеги Биринчи май райондук сотунун чечими менен атайын тергөө абагына эки айга камалды.
УКМК 19-августта Абдуллаев мыйзамсыз курал-жарак, ок-дары жана жардыруучу зат сактаган деген айып менен кармалганын билдирген. Анда кылмышка шектүүнүн үйүн жана иштеген жерин тинткенде "БРДМ-2" үлгүсүндөгү аскер техникасы, танктын үстүнө орнотулган "Калашников" үлгүсүндөгү пулемет баштаган бир топ курал-жарак, ок-дары жана жардыруучу зат алынган.
Атайын кызмат тараткан кабарда Абдуллаев "такай аскер формасын үстүнөн түшүрбөй кийип жүрөрү, агрессияга жакын экени" белгиленген.
Сүт азыктарын чыгарган "Үмүт жана Ко" фирмасынын ээлери, ага-ини Кайрат жана Журат Абдуллаевдер Токмоктогу "Гавайи" ири эс алуу жайынын кожоюндары катары да белгилүү.
Дагы караңыз
Орусияда кырсыкта каза болгон төрт жаран Жалал-Абаддын тургундарыУльяновскидеги кырсык: Кыргызстанда 23-августта аза күтүү күнү жарыяланды Журат Абдуллаев УКМКнын тергөө абагына эки айга камалдыКоргоо министринин маалымат жыйыны болбой калды Милиция 30-августтан тартып күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өтөт Акыйкатчы институту четте өкүлчүлүгүн ачуу демилгесин көтөрдү