Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:33

Коргоо министринин маалымат жыйыны болбой калды


Бактыбек Бекболотов.
Бактыбек Бекболотов.

"Кабар" улуттук маалымат агенттиги коргоо министри Бактыбек Бекболотовдун 22-августтагы маалымат жыйыны болбой калганын билдирди. Бирок ага эмне себеп болгонун тактаган жок. Буга чейин министр жыл башынан бери жасалган иштери тууралуу отчет берери кабарланган.

Президент Садыр Жапаров 19-августта Бекболотовго катуу сөгүш берген. Анын басма сөз кызматы мындай дисциплинардык жаза "жүктөлгөн милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбаганы үчүн" деген жүйө менен берилгенин маалымдаган, бирок кандай кемчилик экенин түшүндүргөн эмес.

Мунун алдында Аскер институтуна караштуу бөлүктө кызмат өтөгөн Сыргак Сабырбеков октон каза болгону белгилүү болгон. Ал өткөн айдан бери кызмат өтөп жүргөндө мерт болгон төртүнчү аскер болуп калды.

Бекболотов "Азаттыкка" учкай комментарий берип, соңку окуяларды "балдардын аскерге даяр эместиги" менен түшүндүргөн жана анын мындай билдирүүсү аскер башчыларынын жоопкерчилиги тууралуу талкуу жараткан.

Өткөн айда Акыйкатчы институту атайын жумушчу топ түзүп, соңку беш жыл ичиндеги жоокерлердин өлүмүн, армиядагы зордук-зомбулукту иликтеп жатат.

XS
SM
MD
LG