Акыйкатчы Атыр Абдрахматова зордук, зомбулукка туш болгон балдар, аялдардын сүрөтүн, аты-жөнүн социалдык тармактарда жарыялабоого чакырды. Ал мындай пикирин Фейсбуктагы баракчасына жазып, зомбулукка кабылган аял кайрылганын билдирди.
"Зордук-зомбулуктан жабыркаган айымдардын, балдардын сүрөтүн таркатпагыла, аты-жөнүн жазбагыла сураныч. Азыр да көк-ала болгон айым чалып ыйлап жатат, кийинки жашоосун ойлонгулачы”, - деп жазды Абдрахматова.
Соңку жылдары педофилияга байланыштуу фактылар көп катталууда. Расмий маалыматтарга караганда, 2021-жылы үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 10 151 факты катталган. Андан жабыркагандарга 9038 убактылуу коргоо ордери берилген, анын 8463ү аялдарга, 264ү жашы жете электерге тиешелүү.
Дагы караңыз
Такыр окубай калган тогуз жашар бала жеке мектепте билим алмай болду Кыйноолорго каршы борбордун жетекчилигине кайрадан Рысбеков тандалдыТаласта милиция мыйзамсыз куралдарды өз ыктыяры менен тапшырууга чакырдыАба-ырайы: күн салкындайтЮстиция министрлиги турак жай кооперативдерин көзөмөлдөөнү сунуштадыЫсык-Көлдү торлордон тазалоо башталдыБишкекте коомдук транспортто телефон уурдоого шектелген жаран бир айга камалды(TSh)