Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:01

Таласта милиция мыйзамсыз куралдарды өз ыктыяры менен тапшырууга чакырды


Милиция тараткан сүрөт.
Милиция тараткан сүрөт.

Талас облусунда милиция 16-18-августта «Арсенал» деп аталган рейд өткөрүп, уруксаты жок 14 ок атуучу курал алынды. Бул тууралуу Талас облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Милиция 600дөй жарандын курал сактоо шарттары текшерип, 36 протокол түзүлүп, 60 миң сом айып пул салынды. Жети куралдын каттоо мөөнөтү бузулгандыгына байланыштуу уруксат кагазы жокко чыгарылды.

Милиция жарандарды уруксатсыз курал-жарактарды өз ыктыяры менен өткөрүүгө чакырды.

Кыргызстандын укук коргоо органдары мыйзамсыз курал-жарактар табылган байма-бай жарыялап турат. 19-августта "Үмүт жана Ко" фирмасынын ээси Журат Абдуллаев мыйзамсыз курал-жарак, ок-дары жана жардыруучу зат сактаган деген айып менен кармалган. Атайын кызмат андан "БРДМ-2" үлгүсүндөгү аскер техникасы, танканын үстүнө орнотулган "Калашников" үлгүсүндөгү пулемет баштаган бир топ курал-жарак, ок-дары жана жардыруучу зат алынганын кабарлады.

Ишке жана анын жакындары, адвокаттар тараптан комментарий боло элек. (TSh)

XS
SM
MD
LG