Ош облустук ички иштер башкармалыгы экстремисттик уюмдардын материалдарын социалдык тармактарда жайылтып жүргөн деген шек менен бир киши кармалганын кабарлады.
Милициянын маалыматында, Ноокат районунун 22 жаштагы тургуну социалдык тармактарда бир нече фейк аккаунттар аркылуу өлкө аймагында тыюу салынган экстремисстик уюмдарга тийиштүү аудио, видео роликтерди жайылтып жүргөнү аныкталган. Факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин 332-беренеси (“Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу”) боюнча иш козголуп, тергөө башталды. Шектүү райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына камалган.
Кыргызстан 20га жакын уюмду деструктивдүү, экстремисттик жана террористтик уюм катары таанып, алардын ишмердигине тыюу салган. (TSh)
Дагы караңыз
Орусиянын Кара деңиз флотунун штабына учкучсуз учактан чабуул болду Алымкадыр Бейшеналиев "Алтын балалыкка” жетекчи болуп дайындалдыТокаев менен Путин Сочиде жолуктуАКШ Украинага 775 млн. долларлык аскердик жардам жөнөтөт