Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:06

АКШ Украинага 775 млн. долларлык аскердик жардам жөнөтөт


Украин аскерлери "Жавелин" куралын кармап турушат.
Украин аскерлери "Жавелин" куралын кармап турушат.

АКШ Украинага жаңы аскердик жардам пакетин жөнөтөрүн Пентагондун өкүлү маалымдады. Жардам пакетинин жалпы суммасы 775 млн. долларды түзөт. Курал-жарактардан 105 миллиметрлик 16 гаубица, 15 Scan Eagle чалгын дрону, 40 чопкутталган техника жана танкага каршы "Жавелин" комплекси ок-дарылары менен берилет. Ушуну менен АКШ Орусия басып киргенден бери Украинага 10,6 млрд. доллар аскердик жардам берди.

Орусия Украинага согуш ачкан 24-февралдан бери орус армиясы Донецк, Луганск, Херсон облустарынын айрым аймактарын жана Запорожьяны басып алды. Учурда эксперттер согуштун жүрүшүн “тыныгуу” деп атап, эки тараптын тең чабуул жасоого ресурстары чектелүү деп баалап жатышат. Орусия батыш өлкөлөрүн Украинага курал берүүдө деп сындап, кырдаалдын курчуп кетишин эскертүүдө.

Батыш, АКШ жана анын өнөктөш өлкөлөрү Орусиянын Украинага басып киргенин сындап, бир катар экономикалык санкцияларды салууда. (TSh)

XS
SM
MD
LG