Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:39

Орусиянын Кара деңиз флотунун штабына учкучсуз учактан чабуул болду  


Орусия Кара деңиз флотунун Севастополдогу штабы. 2019-жылдын, октябрь.
Орусия Кара деңиз флотунун Севастополдогу штабы. 2019-жылдын, октябрь.

Аннексияланган Крымдагы Орусиянын Кара деңиз флотунун Севастопол штабына ишембиде учкучсуз учак сокку урду. Каза тапкандар жана жарадарлар жок экенин Севастопол башчысы Михаил Развожаев билдирди. Ал тургундарды жакынкы сааттарда үйдөн чыкпоого чакырды.

Алгач Развожаев дрон жерге жакын учканы менен атып түшүрүлбөгөнүн билдирген. Жарым сааттан кийин ал флоттун штабынын үстүнөн учкучсуз учак атып түшүрүлүп, чатырга кулап күйүп кеткенин айтты. Социалдык тармактарда Кара деңиз флотунун үстүндө түтөп учуп жүргөн учкучсуз учактын видео, фотосу тарады.

Акыркы күндөрү аннексияланган Крымдагы аскер жайларына бир нече жолу чабуул жасалды. Кечээ кечинде жана бүгүн ишембинин таңында Севастопол жана Евпаторияда аба соккуусунан коргонуу системасы иштеди.

31-июлда дагы аннексияланган Крым жарым аралынын Севастопол облусундагы Орусиянын аскердик-деңиз күчтөрүнүн штабына учкучсуз учак чабуул жасалганы белгилүү болгон. Анда алты адам – штабдын кызматкерлери каза тапкан. (TSh)

XS
SM
MD
LG