Орус аскерлери Никополь облусуна кайрадан чабуул жасап, эки киши жарадар болгонун Днепропетровск облустук аскер администрациясынын башчысы Валентин Резниченко билдирди.
“Орусиянын замбирек артиллериясынын беш снаряды Марганецтеги турак жайларга түштү. Алдын ала маалымат боюнча, 18 жаштагы кыз менен 40 жаштагы эркек киши жаракат алды. Экөө тең ооруканада”, — деп жазды Telegram баракчасына.
Валентин Резниченконун айтымында, Марганецте имараттар бузулуп, электр чубалгысы иштен чыкты.
19-августка караган түнү орус армиясы Днепропетровск облусундагы үч районду – Криворожск, Синельниковск жана Никопольду аткылаган. Көптөгөн далилдерге карабастан, Москва Украинадагы жарандык объектилерге сокку урбаганын кайталап келет.
Орусиянын аскерлери президент Владимир Путиндин буйругу менен 24-февралда Украинанын аймагына басып кирген. Аскердик кол салуунун максатын ал Украинаны “денацификациялоо” жана “демилитаризациялоо” деп атаган, бирок анын жөнүн так түшүндүргөн эмес.
Дагы караңыз
Роскомнадзор TikTok, Телеграммга каршы “мажбурлоо чараларын" колдонотКоргоо министри Бактыбек Бекболотовго катуу сөгүш берилдиАлымкадыр Бейшеналиев кызматынан бошотулдуЭрдоган Путин менен Запорожье АЭСин талкуулоону пландап жататISW: Украина Крымдагы аскердик объектилерге сокку урууну улантып жатышы мүмкүнВладимир Путин ноябрда G20 саммитине катышары күтүлүүдөКыргызстан ШКУнун жыйынында Ооганстан маселесин көтөрдү