Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:36

Алымкадыр Бейшеналиев кызматынан бошотулду


Алымкадыр Бейшеналиев.
Алымкадыр Бейшеналиев.

Убактылуу кызматынан четтетилген саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кызматынан алынды. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун басма сөз кызматы маалымдады.

Алымкадыр Бейшеналиев козголгон кылмыш ишине байланыштуу убактылуу кызматынан четтетилген. Бейшеналиев 2-июнда "коррупцияга" айыпталып камакка алынып, 16-июнда кайра үй камагына чыккан. Башкы прокуратура ага чет өлкөлүк менчик компаниялардан 1 млрд. 581 млн. 474 миң сомго вакцина сатылып алынышынан улам айып койгон жана Бейшеналиевге жалпысынан жети кылмыш ишин козголгонун билдирген.

Мунун натыйжасында Бейшеналиев менен башкы прокурор Курманкул Зулушевдин тиреши жаралып, президент Садыр Жапаров бул жагдайды иликтөө үчүн коммиссия түзгөн. Экөөнү тең кызматтан убактылуу четтеткен болчу. 16-июнда Курманкул Зулушев кайра өз милдетин аткарууга киришкен.

16-августта Бейшеналиевге вакцинага байланыштуу козголгон кылмыш иши токтотулганын анын адвокаты Кайсын Абакиров билдирген. Ал Ички иштер министрлиги кылмыштын курамы жок болгондуктан ушундай чечим чыгарганын белгилеген. 17-августта Саламаттык сактоо министри кызматынан убактылуу четтетилген Алымкадыр Бейшеналиев кайра өз иш ордуна барууга даяр экенин билдирди. Ал "Азаттыкка" комментарий берип жатып, буга байланыштуу президент Садыр Жапаровдун чечимин күтүп жатканын айткан.

Учурда Cаламаттык сактоо министринин милдетин Жаркынбек Касымбеков аткарып жатат. (TSh)

XS
SM
MD
LG