Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:16

Эрдоган Путин менен Запорожье АЭСин талкуулоону пландап жатат


Орусиянын президенти Владимир Путин жана Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган. Архивдик сүрөт.
Орусиянын президенти Владимир Путин жана Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган. Архивдик сүрөт.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Орусиянын президенти Владимир Путин менен орус аскерлери басып алган Запорожье атомдук электр станциясынын (АЭС) айланасындагы кырдаалды талкуулоону пландап жатканын билдирди.

Бул тууралуу ал 19-августта Украинадан Түркияга кайтып баргандан кийин журналисттерге айтып, Европадагы эң ири атомдук электр станциясындагы абалды “дүйнө үчүн коркунуч” деп атады. 18-августта Режеп Тайып Эрдоган Львов шаарында Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугушууда “биз дагы бир Чернобылды көргүбүз келбейт”, - деп айткан.

18-августта Львовдо Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш, Режеп Тайып Эрдоган менен Владимир Зеленский үч тараптуу жолугушуу өткөрүп, анда да АЭС маселеси козголгон.

Антониу Гутерриш Орусия менен Украинаны бул маселеде сергек болууга чакырып, Орусия АЭСтин аймагынан аскердик техникасын жана аскерлерин чыгарып кетиши керектигин айткан.

Запорожье атомдук электр станциясы орус армиясы Украинага басып киргенден көп өтпөй, март айында Орусиянын карамагына өткөн. Европадагы эң ири атомдук электр станциясынын аймагы акыркы жумаларда бир нече жолу аткылоого кабылып, кырсык болот деген коркунуч жаралды. Аткылоо үчүн Украина менен Орусия бири-бирин айыптап жатат.

XS
SM
MD
LG