Өзбекстанда автобустун ичиндеги газ баллон жарылып, алты киши мүрт кетти

Ичиндеги газ баллон жарылган автобус.

Өзбекстандын Сырдарыя облусунун Акалтын районунда газ толтуруучу жайдан чыга бериште Isuzu үлгүсүндөгү автобустун ичиндеги метан баллондорунун бири жарылып, алты киши мүрт кетти. Бул тууралуу Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлап, окуя 18-августта болгонун билдирди.

Министрликтин алдын ала маалыматы боюнча, кырсыктын кесепетинен дагы 15 адам жараат алган. Автобус Хорезм облусунун Багат районундагы автомектепке таандык болгон.

Окуя болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жетекчилиги, Ички иштер министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин жана прокуратуранын кызматкерлери барган. Тергөө иштери башталды.

Дагы караңыз

Биринчи май районун кайрадан "Тазалык" тейлей баштады Министрдин орун басары ӨКМде учкучтар жетишсиз экенин билдирдиКазакстанда “Шаңырак окуясы” боюнча соттолгон Өтегенов абактан чыктыISW: Украина Крымдагы аскердик объектилерге сокку урууну улантып жатышы мүмкүнЖурналисттер Украинада каза болгон орус аскерлеринин аты-жөнүн тактадыКурултай өткөрүү боюнча биринчи жыйын өттү