Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:53

Биринчи май районун кайрадан "Тазалык" тейлей баштады


Мэриянын иши сындап жаткан активист Атай Бейшенбектин Фейсбукка жүктөгөн сүрөтү.
Мэриянын иши сындап жаткан активист Атай Бейшенбектин Фейсбукка жүктөгөн сүрөтү.

Бишкек шаарынын Биринчи май районунун аймагындагы тиричилик таштандыларын кайрадан “Тазалык” муниципалдык ишканасы убактылуу тазалай баштады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

“Тазалык” ишканасынын кызматкерлери учурда таштанды көп топтолуп калган аймактарда иштеп жатышат. Муниципалдык ишкананын техникалары жарым-жартылай калыбына келтирилди. Учурда линияда 14 атайын техника иштөөдө”, - деп айтылат билдирүүдө.

Мэрия буга чейин пилоттук долбоор катары бул райондогу таштандыларды “Эко Проф” компаниясы тазалап жатканын кабарлады. "Тазалык" Биринчи май районуна сынак өткөрүлгөнгө чейин иштейт.

11-августта “Тазалык” муниципалдык ишканасынын айрым кызматкерлери мэриянын Бишкектин Биринчи Май районундагы таштанды чыгарууну жеке ишканага берген чечимине каршы нааразылык акциясына чыгышкан. Алар ишкананын техникасын жакшыртуу менен шаардын тазалыгын камсыз кылууга болорун айтышкан.

18-августта митингди уюштуруучуларынын бири катары ишкананын кызматкерин атайын кызмат кармаган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкек шаардык мэриясынын “Тазалык” муниципалдык ишканасынын жооптуу кызматкери айлык акыны эсептөөдө кызмат абалынан пайдаланып, акча каражаттарын чыгарып кетүү үчүн коррупциялык схема түзгөн деп шек саноодо.

Акыркы кездери Бишкекте таштанды убагында тазаланбай калган деген нааразылыктар айтылууда. Мэриянын адистери иш жүрүп жатканын, таштанды челектер жуулуп турарын билдирүүдө. Бирок айрым тургундар жуулбаган, тазаланбаган жерлер көп экенин далилдеген сүрөттөрдү интернеттеги социалдык түйүндөргө жарыялап жатышат.

Буга чейин баш калаадагы таштандыларды чыгарып кетүүгө жооптуу "Тазалык" ишканасы шаардан күнүнө 500 тоннанын тегерегинде акыр-чикир чыгара турганы айтылган. Ишканада бир жарым миңдей адам эмгектенет. (TSh)

XS
SM
MD
LG