Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:17

Журналисттер Украинада каза болгон орус аскерлеринин аты-жөнүн тактады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Би-Би-Синин орус кызматы жана Mediazona басылмасы ыктыярчылар тобу менен биргеликте орус армиясынын Украинадагы жоготуулары боюнча жаңы маалыматтарды жарыялады. 19-августка карата алар орусиялык 5701 аскер кызматкеринин өлүмү тууралуу маалыматты такташты. Эгерде бир батальондо орто эсеп менен 300 киши бар деп эсептесе, Орусия Украинага басып кирген алты ай ичинде 20 батальонун жоготту.

Журналисттер каза болгон жоокерлер тууралуу маалымат жергиликтүү бийликтин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана каза болгондордун жакындарынын маалыматтарынын негизинде гана чогултуларын билдирди.

Украинада каза болгон Орусиянын 5701 аскеринин 966сы же 17% офицерлер, алардын ичинен төртөө генерал жана 34ү полковник. Согушта эң көп кенже офицерлер набыт болгон. Офицерлер менен солдаттар арасында тастыкталган жоготуулардын санын салыштырып, журналисттер кенже офицерлер катардагы жоокерлерге, сержанттарга жана прапорщиктерге караганда үч эсе көп өлөт деген тыянакка келишкен.

АКШнын Борбордук чалгын башкармалыгы (ЦРУ) июль айынын аягына карата Орусия согушта 15 миң аскеринен айрылып, 45 миң жоокери жараат алганын кабарлаган. Украинанын Башкы штабы болсо Орусия 40 миңден ашык аскер жана офицерин жоготту деп билдирип келет.

Орус армиясынын жоготуулары боюнча такталган расмий маалымат жок. Орусиянын Коргоо министрлиги жоготуулар боюнча акыркы жолу 25-мартта маалымат берип, 1351 адам өлгөнүн билдирген.

Украинанын Коргоо министрлиги согушта каза болгон аскерлери тууралуу бир да жолу маалымат берген эмес. Июнь айынын башында украин президентинин кеңешчиси Алексей Арестович Украинада февралдан бери жалпысынан 10 миңдей адам курман болгонун айткан. Согуш болуп жаткан маалда жоготуулар тууралуу көз карандысыз булактардан маалыматты тактоо мүмкүн эмес.

XS
SM
MD
LG