Казакстанда “Шаңырак окуясы” боюнча соттолгон Өтегенов абактан чыкты

Курмангазы Өтегенов. 19-август, 2022-жыл.

Казакстанда 2006-жылдагы “Шаңырак окуясы” боюнча соттолгон Курмангазы Өтегенов 19-августта бошотулду. Бул тууралуу “Азаттыктын” казак кызматына Костанай шаарындагы колониянын нөөмөт бөлүмүнөн билдиришти. Бул маалыматты Казакстандын адам укуктары боюнча бюросу да бышыктады.

Курмангазы Өтегенов 2006-жылдын 14-июлунда Алматы шаарынын четиндеги Шаңырак кичирайонунда болгон окуяга байланыштуу соттолгон. Ага мыйзамсыз басып алынган жерлерге турак жай салып алгандардын үйүн бузууга барган бийлик өкүлдөрүнө каршылык көрсөткөн деген айып коюлган.

“Шаңырак окуясында” тургундар менен укук коргоо органдарынын ортосунда кагылышуу болуп бир полиция каза болгон. Бул окуялардан кийин төрт адам узак мөөнөткө кесилген. Алардын экөө 2020-жылы шарттуу түрдө бошотулган.

Ушул жылдын февраль айында Костанай шаарынын соту 16 жылга кесилген Курмангазы Өтегеновду шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуудан баш тарткан.

“Шаңырак окуясы” боюнча 18 жылга кесилген диссидент акын Арон Атабек ден соолугуна байланыштуу былтыр октябрь айында абактан бошотулган. Ал бир нече жумадан кийин ооруканада каза болгон. Эл аралык укук коргоо уюмдары жана жергиликтүү активисттер анын өлүмүнө бийликтин тиешеси бар экенин билдирип, эл аралык деңгээлде иликтөө жүргүзүүнү талап кылышкан.

Дагы караңыз

Курултай өткөрүү боюнча биринчи жыйын өттүЭрдоган Запорожье АЭСи боюнча: Биз жаңы Чернобылды баштан өткөрүүнү каалабайбызВладимир Путин ноябрда G20 саммитине катышары күтүлүүдөБишкектеги ири өрт өчүрүлдү Жалал-Абад шаарында Түмөнбай Байзаков атындагы парк ачылдыЛицензиясыз акча алмаштыруу менен алектенген эки жаранга айып салынды Politico: АКШ Орусияны терроризмдин демөөрчүсү деп таануудан кооптонууда