Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:49

Бишкектеги ири өрт өчүрүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарындагы Ташкент көчөсүндөгү турак-жайдан чыккан өрт өчүрүлдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, кырсык болгон жерде төрт бригада иштеди.

"Алдын ала маалыматтарга караганда, ал үйдө жеке бала бакча болгон. Өрт ага жеткен эмес, жалпысынан 200 чарчы метр күйдү. Кырсыкта жабыркагандар жок жана анын кесепетин жоюу иштери уланып жатат",-деп айтылат маалыматта.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев өткөн айда жыл башынан бери катталган кырсыктардын басымдуу бөлүгү өрт менен байланыштуу экенин билдирген.

Расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстанда 2022-жылдын алты айында 823 өрт катталган. Кырсыктарда 16 киши каза таап, материалдык чыгым 228 миң сомго жакын деп эсептелген.

XS
SM
MD
LG