Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:49

Politico: АКШ Орусияны терроризмдин демөөрчүсү деп таануудан кооптонууда


Америка Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик департаменти.
Америка Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик департаменти.

Америка Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик департаменти Украинанын Кара деңиз портторунан эгин экспорттоо боюнча келишимге доо кетиши мүмкүн деп, Орусияны терроризмдин демөөрчүсү делген өлкөлөрдүн тизмесине киргизүүдөн кооптонууда. Бул тууралуу Politico басылмасы АКШнын Тышкы иштер министрлигиндеги анонимдүү булактарына таянып жазды.

Басылманын маалыматына караганда, акыркы күндөрү Мамдепартаменттин бир нече расмий өкүлдөрү бул маселе боюнча чечим кабыл алышы керек болгон америкалык конгрессмендерге тынчсыздануусун билдиришкен. Сенат бул демилгени июлдун аягында колдоп, Конгресс буга чейин тиешелүү мыйзам долбоорун даярдаган. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги АКШ Орусияны терроризмдин демөөрчүсү деп тапса, эки өлкөнүн мамилеси үзүлөрүн билдирген.

Эгерде Орусия терроризмдин демөөрчүсү деп таанылган өлкөлөрдүн тизмесине киргизилсе, кошумча санкцияларга кабылат. Мамлекеттик департамент Орусияга каршы киргизилген экономикалык санкциялар терроризмдин демөөрчүсү болгон өлкөлөргө салынган санкциялардай эле катаал экенин билдирген.

Украина жана айрым Батыш өлкөлөрү Вашингтонду Орусиянын Украинага агрессиясы үчүн расмий түрдө терроризмди колдогон өлкөлөрдүн катарына кошууга чакырып келишет. Америка Кошмо Штаттарынын тизмесинде терроризмдин демөөрчүсү катары кирген төрт мамлекет бар. Алар: Куба, Иран, Сирия жана Түндүк Корея.

Өткөн аптада Латвиянын парламенти Орусияны терроризмдин демөөрчүсү катары тааныган. Сеймдин (ред: парламент) депутаттары Евробиримдиктин өлкөлөрүн Орусия менен Беларустун жарандарына туристтик жана уюмга мүчө мамлекеттерге кирүү үчүн виза берүүнү токтууга чакырган.

XS
SM
MD
LG