Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жол долбоорунун 2022-жылы пландалган беш чакырымын куруу иштеринин 70% аяктады. Учурда беш чакырымдан сырткары дагы үч чакырымды куруу пландалып жатат. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасы маалымдады.
Учурда долбоордун биринчи баскычы болгон узундугу 63 км түзгөн Балыкчы-Кочкор тилкеси курулуп жатат. Эң орчундуу болгон Боз-Бармак тоосун тешип, казуу иштери уланууда.
"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы жүзөгө ашырып жаткан "Балыкчы–Кочкор–Кара–Кече" (186 чакырым) темир жол долбоору 2030-жылга чейин аяктай турганы, ага кошумча инвестиция тартылбастан, өлкөнүн өз каражаты жумшалары айтылган.
Март айында темир жолдун курулушуна байланыштуу “Балыкчы” станциясында өткөн салтанаттуу иш-чарага президент Садыр Жапаров катышып, "жаңы темир жол түйүнүнүн пайдубалы түзүлүп жатканын, жол өлкө келечеги үчүн зор мааниге ээ экенин" белгилеген. (TSh)
Дагы караңыз
Депутат Бекешев блогердин камалышына байланыштуу пикирин билдирдиКыргызстан менен Орусиянын коргоо министрлери жолуктуКыргызстанда дизелдин кымбатташы күтүлүп жатат "Медиа Полиси" активист, блогерлерге козголгон кылмыш иштерин токтотууга чакырды