Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:22

Депутат Бекешев блогердин камалышына байланыштуу пикирин билдирди


Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Фейсбук колдонуучусу Ырыс Жекшеналиевдин камалышы боюнча пикирин айтып, президент Садыр Жапаров бул окуяга көңүл бураарын ишенерин билдирди. Эл өкүлү бул тууралуу Телеграм каналында билдирген.

"Ырыс Жекшеналиев деген баланы тааныбайт болчумун. Аны 19 жашта жана блогер, активист деп жатышат. Бийлик аны таанымал кылды. Мен анын билдирүүлөрүнөн сындан башка кандайдыр бир чакырык тапкан жокмун. Эми 19 жаш, жалындап турган жаштык, 50-60 жаштагылар жаңылат. 19 жаштагы баланы камап, оор айыптоолорду койгон туура эмес. Сын үчүн эч ким камалбашы керек. Президент "кой бергиле" деп айтаарына ишенем", - деди Бекешев.

Биринчи май райондук соту 16-августта блогерди шаардагы №1 тергөө абагына эки айга камоо тууралуу өкүм чыгарган. Фейсбуктагы "Полит Узник" баракчасынын администратору, 19 жаштагы Жекшеналиев 14-августтун кечинде милицияга бир нече саат сурак бергенден кийин камалган. Буга Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган эски видеону аталган баракчага жайгаштырганы негиз болгон.

Милиция Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин ("Калайман башаламандык") 3-бөлүмүнө ("Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар") ылайык кылмыш ишин козгогон.

Президент Садыр Жапаров 14-августта аталган кенге байланыштуу кайрылуу жасап, Жетим-Тоону иштетүүгө азыр өлкөнүн даярдыгы жоктугун айткан жана укук коргоо органдарына жалган маалымат тараткандарга чара көрүүнү тапшырган. (TSh)

XS
SM
MD
LG