Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:52

Кыргызстанда дизелдин кымбатташы күтүлүп жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы 16-августта мунай базарындагы кырдаалды талкуулоо үчүн өлкөдөгү бул тармакты тейлеген негизги ишкерлер менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

Анда Нефтетрейдерлер ассоциациясы Орусияда мунайды кайра иштетүү заводдору дизелдин эскпортун кыскартып жатканына тынчсыздануусун билдирди. Алардын маалыматына караганда, жыл башынан бери дизелдин баасы тоннасына 600, АИ 92 бензини 370 АКШ долларына чейин көтөрүлгөн учурлар болду. Акыркы айда Орусиянын мунайды кайра иштетүүчү заводдорунда дизелдин дүң баасы 300 АКШ долларын түздү. Буга байланыштуу нефтетрейдерлер күйүүчү майдын бул түрүнүн баасын көтөрүү зарылдыгын айтышты.

Монополияны жөнгө салуу кызматы бааларды туруктуу кармап туруу, резервдерди камсыз кылуу, кардарлардын укугун коргоо сунуштарын берди.

17-августка карата Кыргызстанда АИ 95 үлгүсүндөгү бензиндин 1 литринин баасы 65,90 сом, 92 үлгүсүндөгү бензин 61,90 сом болууда. Дизел майы 71,90 сомдон сатылууда. Бул рыноктогу орточо баалар.

Кыргызстандын мунайга болгон керектөөсү жылына 1 млн. 200 миң тоннаны түзөт. Мунайдын 90% Орусиянын мунайды кайра иштетүүчү заводдорунан импорттолот. Кыргызстанда мунай баасы акыркы 1,5 жылда эки эсеге жакын кымбаттап кетти. 2021-жылдын январь айында 92 үлгүдөгү бензиндин баасы 35 сом болсо, ушул күндөрү 62 сомдон сатылууда. Мунайдын биржалык баасынын кымбатташына орус-украин согушунан улам кирген жапырт санкциялар жана доллардын кунунун өсүшү кошул-ташыл себеп болду. (TSh)

XS
SM
MD
LG