Өзбекстан менен Тажикстан 26,6 миллион долларлык келишим түзүштү

Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстан менен Тажикстандын расмий өкүлдөрү Сурхандарыя жана Хатлон облустарынын бийлиги менен ишкерлердин ортосунда кызматташуу боюнча 23 келишимге кол коюшту.

Бул тууралуу Тажикстандын улуттук “Ховар” маалымат агенттиги жазды. Документтерге өткөн жуманын аягында форумдун алкагында кол коюлган. Келишимдердин арасында өз ара түшүнүшүү меморандуму жана туризм тармагында кызматташуу боюнча жол картасы бар.

Мындан тышкары иш-чаранын алкагында 26,6 миллион долларга товар жеткирүү боюнча алты келишимге жана инвестициялык 15 долбоорго кол коюлду.

Дагы караңыз

Орусиянын аскерлери Николаев шаарындагы университетке сокку урдуАлымкадыр Бейшеналиев кызматына кайтып барууга даяр экенин билдирди Мектеп директорлорун тандоо: Чүй менен Таласта тестирлөө өтүп жатат АКШ президенти Байден инфляцияны азайтуу мыйзамына кол койдуЯнварь окуясы: каза болгондордун толук маалыматын жарыялоо талабы коюлдуСегизбаевдин адвокаты анын эски видеосун бурмалап таратпоону эскертти