Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:27

Сегизбаевдин адвокаты анын эски видеосун бурмалап таратпоону эскертти


Абдил Сегизбаев.
Абдил Сегизбаев.

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган видеого байланыштуу анын адвокаты Кайсын Абакиров билдирүү таратты. Анда бул тасма мындан эки жыл мурда Сегизбаев президенттик шайлоого талапкер катары катышып жатканда үгүт өнөктүгүндө тартылганы белгиленген.

"Видеотасма толугу менен көрсөтүлбөй, монтаждалган жана Жетим-Тоону иштетүүнүн айланасында Сегизбаевдин сөзүнүн мааниси жана мазмуну бурмаланган контекстте берилген. Абдил Сегизбаев видеонун таратылышына эч кандай тиешеси жок жана биз блоггерлерди, журналисттерди жана жалпыга маалымдоо каражаттарын автордун макулдугусуз текшерилбеген, анык эмес маалыматтарды жарыялабоого чакырабыз. Анткени мындай маалыматтарды таратуу сот аркылуу материалдык жана моралдык зыяндын ордун толтурууга негиз болуп саналат",-деп айтылат адвокаттын билдирүүсүндө.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Сегизбаев бул видеого байланыштуу 14-августта сурак берип чыкканын билдирген. Ал видеоматериалды Фейсбуктагы "Полит Узник" баракчасынан жайгаштырган Ырыс Жекшеналиев 16-августта эки айга камалды.

Президент 14-августта бул кенге байланыштуу кайрылуу жасап, Жетим-Тоону иштетүүгө азыр өлкөнүн даярдыгы жоктугун айткан жана укук коргоо органдарына жалган маалымат тараткандарга чара көрүүнү тапшырган.

Нарын облусундагы Жетим-Тоо темир кенин иштетүү - 2020-жылдын октябрь айындагы элдик толкундоодон кийин өлкө башына келген бийликтин демилгеси. Алар кен казуу жолу менен тышкы карыздан кутулса жана экономиканы көтөрсө болорун айтып келет. Кийин жарандык активисттер "Жетим-Тоо темир кенин коргоо" кыймылын түзгөн.

Садыр Жапаров 2020-жылы премьер-министрдин милдетин аткарып турганда Жетим-Тоодо 50 миллиард тоннадай темир кени бар экенин, аны иштетүү ниетин билдирген.

XS
SM
MD
LG