Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:12

АКШ президенти Байден инфляцияны азайтуу мыйзамына кол койду


Жо Байден мыйзам долбооруна кол коюу учуру.
Жо Байден мыйзам долбооруна кол коюу учуру.

Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байден Конгресстин эки палатасы тең кабыл алган инфляцияны азайтуу мыйзамына 16-августта кол койду. Бул тууралуу “Америка авазы” радиосу билдирди.

Жо Байден жаңы мыйзамга кол коюлганга чейин эле аны “таза энергияга жана өндүрүшкө негизделген экономикалык өсүштү калыбына келтирүүнүн ачкычы” деп атаган. Ак үй документ инфляцияны төмөндөтүүгө, бюджеттин тартыштыгын азайтууга жана америкалыктардын медициналык төлөмдөргө короткон чыгымын кыскартууга жардам берет деп үмүттөнөт. Байдендин айтымында, 13 миллион адам жылына медициналык камсыздандыруудан орточо эсеп менен 800 доллар үнөмдөйт.

Документке ылайык, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүгө он жылдан ашык убакытта 375 миллиард доллар, дары-дармектердин баасын арзандатууга 64 миллиард доллар бөлүнөт. Конгресстин Бюджеттик башкармалыгы мыйзам жакынкы он жылдыкта бюджеттин тартыштыгын 305 миллиард долларга кыскартат деп эсептейт. Бул көрсөткүч андан да жогору болушу мүмкүн.

Бюджетке талап кылынган каражат ири компанияларга жаңы салыктар жана колунда бар жеке жана юридикалык жактарга төлөмдөрдү көбөйтүү менен чогултулат.

Мыйзамга каршы болгон Конгресстеги республикачылар электр энергиясы кымбаттай турганын эскертип, Байдендин шайлоо алдындагы үгүт маалында “жылына 400 миң доллардан аз киреше тапкан америкалыктар үчүн салыкты көтөрбөйм” деген убадасын эске салышты. Алар компанияларга салык көбөйтүлсө ишкана ал чыгымды кызматкерлердин айлыгын азайтуу менен жабат деп кооптонушууда.

XS
SM
MD
LG