Кыргызстан менен Орусиянын коргоо министрлери жолукту

Кыргызстандагы Орусия элчилиги тараткан сүрөт.

Кыргызстандын Коргоо министри Бактыбек Бекболотов Москва шаарындагы коопсуздук боюнча конференцияга катышты. Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы жыйын 15-16-августта болгонун билдирди. Мекемеден конференцияга Кыргызстандан башка дагы кайсы мамлекеттер катышканы тууралуу маалымдаган жок.

Кыргызстандагы Орусия элчилигинин Телеграм каналы эки өлкөнүн Коргоо министрлери жолукканын жазды. Анда Орусиянын Коргоо министри Сергей Шойгу эки өлкө ортосундагы аскердик кызматташтыкты өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки программасы жакшы аткарылып жатканын айткан.

Ушул күндөрү Орусияда аскер мелдештери өтүп жатат. Ага Кыргызстандын Коргоо министрлигинин командасы дагы катышууда.

Кыргызстан менен Орусия Евразия экономикалык биримдигинде жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө. ЖККУнун алкагында ар кандай аскердик машыгууларды өткөрүп турат. Кыргызстанда Орусиянын бир нече аскердик объектиси бар. Алардын эң чоңу - Канттагы аскердик аба базасы.

Жакында эле Владимир Путин Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда биргелешкен аймактык абадан коргонуу системасын түзүү боюнча келишимге кол коюу тууралуу орус өкмөтүнүн сунушун колдогон. Анда Орусиянын Коргоо министрлигине Тышкы иштер министрлигинин катышуусунда расмий Бишкек менен сүйлөшүү тапшырмасы берилген. (TSh)

Дагы караңыз

Кыргызстанда дизелдин кымбатташы күтүлүп жатат АКШ президенти Байден инфляцияны азайтуу мыйзамына кол койдуЯнварь окуясы: каза болгондордун толук маалыматын жарыялоо талабы коюлду