Сейсмология институтунун билдиришинче, 16-август күнү саат 16:16да Ысык-Көл облусунда очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Жер силкинүү Корумду, Темировка, Григорьевка, Кожояр, Булан-Сөгөттү, Семеневка айылдарында 3,5, балл, Бостери, Көк-Дөбө, Ананьево айылдарында 3 балл, Чолпон-Ата шаарында жана Кара-Ой, Жаркынбаев айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Баштапкы маалыматарга караганда, андан жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Өткөн айларда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөөлөр Оштун Чоң-Алай районунда, Жалал-Абаддын бир катар аймактарында катталган.
Дагы караңыз
Жарым жылда миңден ашык адам мамлекеттен ипотека насыясын алды Финляндия орусиялыктарга виза берүүнү бир канча эсе азайтат Швейцария Каримованын 131 млн. долларын Ташкентке кайтаратКазакстандын Башкы прокуратурасы Январь окуяларында өлгөндөрдүн тизмесин жарыяладыДенис Петрашов Ислам шериктештиги оюндарынын чемпиону болду Иранда митингге чыккандар “президентке өлүм” деп ураан чакырышты