Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:51

Казакстандын Башкы прокуратурасы Январь окуяларында өлгөндөрдүн тизмесин жарыялады


Казакстандагы быйыл январдын башында катталган окуялар. Иллюстрациялык сүрөт.
Казакстандагы быйыл январдын башында катталган окуялар. Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстандын Башкы прокуратурасы Январь окуяларында өлгөндөрдүн тизмесин 16-августта жарыялады. Мерт болгондордун расмий тизмеси кандуу окуядан жети айдан кийин чыкты.

Башкы прокуратуранын сайтында коюлган маалыматта буга чейин каза болгону айтылган 238 адамдын фамилиялары келтирилген. Ысымы кыскартылып, баш тамгасы менен гана берилген. Адамдардын жаш курагы тууралуу маалымат да жок.

Тизмеде адамдардын каза болгон жагдайлары көрсөтүлгөн эмес. Алардын кимисин күч кызматкерлери “антитеррордук операциянын” жүрүшүндө өлтүрүшкөнү да белгисиз. Бийлик бул окуя учурунда өлкөгө “террорчулар” кол салганын билдиргени менен аны ырастаган ынанымдуу далилдерди келтирген эмес.

Прокуратуранын тизмесинде мындан сырткары кимдер кокустан атылган октон, башка каражаттарды колдонуудан өлгөнү жана кыйноо учурунда каза болгону жазылган жок. Мурдараак Токаев түзгөн фонд кокустан өлүп калган 19 адамдын үй-бүлөлөрүнө кенемте төлөп бергени кабарлаган. Мурдараак прокуратура органдары 6 адам тергөө изоляторунда кыйноодон улам мерт болгонун тактаган.

1-июнда “Азаттыктын” казак кызматы Январь окуяларында каза болгондордун аты-жөнү жана сүрөттөрү келтирилген мини-сайтты презентация кылган. Редакция маалыматтарды укук коргоочулар менен биргеликте чогулткан. Бул долбоордун алкагында журналисттер окуя учурунда жана андан кийин каза болгон 202 адамдын ысымын, фамилиясын, курагын, жынысын тактап чыгарган. Алардын жакындарынын билдирүүсүнө таянуу менен маркумдардын кайсы жерде өлгөнү тууралуу да маалыматтар берилген.

Мындан беш күндөн кийин – 5-июнда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев референдумга байланыштуу добушканадагы билдирүүсүндө, Январь окуяларында каза болгондордун тизмесин жарыялоого убада кылган. Бирок убактысын тактаган эмес. (ErN)

XS
SM
MD
LG