10-августта Тажикстанда АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгы уюштурган аскердик машыгуу башталды. Кошмо Штаттардын Тажикстандагы элчиси Жон Марк Поммершайм “Аймактык кызматташтык - 2022” машыгуусу 20-августка чейин уланарын айтты.
Анын сөзүнө караганда, бул АКШнын Борбор жана Түштүк Азия өлкөлөрү менен өткөргөн ири аскердик машыгуусу. Элчиликтин билдиришинче, жыл сайын өтө турган машыгуу аймакта туруктуулукту камсыздоо, терроризм менен күрөшүүгө багытталган.
Маалыматка караганда, АКШнын, Тажикстандын, Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Пакистандын жана Монголиянын аскер күчтөрү алты күндүк командалык-штабдык машыгууларга катышат. Мындан тышкары Тажикстан менен АКШ беш күндүк эки тараптуу аскердик окууларды өткөрөт.
Дагы караңыз
Бээжин менен кырдаал курчуп турган маалда Тайван аскердик машыгуу өткөрдү12-августтун аба ырайы: сел жүрүү коркунучу сакталуудаСогушка баруудан баш тарткан орус аскери кыйноого кабылганын айттыДонецк: жикчилдер шаардагы заводду аткылоодон аммиак агып кеткенин кабарладыЭнергетика тармагы: бир катар ишканалар бириктирилип, ирилешет Ошто билимге умтулган кыздын иллюстрациясы тартылдыКрымдагы аэродромдогу жарылуудан Орусиянын учактары жабыркадыНизовскийдин иши: УКМК Акыйкатчы институтун "популизмге" айыптады