Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:35

Низовскийдин иши: УКМК Акыйкатчы институтун "популизмге" айыптады


Юрий Низовский.
Юрий Низовский.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Акыйкатчы институтунун Бишкектеги №61 мектептин директору Юрий Низовскийге байланыштуу иш-аракеттерин сындады. Анда Низовскийге козголгон кылмыш ишин тергөө ар тараптуу, бейтараптуу жана өзүн коргоо укугун камсыз кылуу менен өтүп жатканы айтылат.

"Низовскийдин жашын жана саламаттыгын эске алуу менен аны үй камагына чыгаруу бөгөт чарасы тандалып алды. Тергөөнүн бейтараптуулугуна таасир этүүнү болтурбоо максатында акыйкатчынын аппаратын популисттик пиардан карманууга жана тергөө амалдарына кийлигишпөөгө чакырабыз",-деп айтылат атайын кызмат тараткан билдирүүдө.

Низовский коррупцияга шек саналып 9-августта кармалып, 10-августта сот аны үй камагына чыгарган. Ал УКМКнын тергөө абагында жатканда Акыйкатчы институнун кызматкерлери жолугуп чыккан. Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Низовскийдин бөгөт чарасын кароодо тийиштүү тараптар анын жаш курагына, ден соолугуна, жашаган жерине жана буга чейин соттолбогонуна көңүл бурууга чакырган.

УКМК Низовскийди окуучулардын ата-энелеринен туруктуу акча алып турган коррупциялык схема түзгөн деп айыптап жатат. Атайын кызмат шектүү мыйзамсыз мүлктөрүн жашыруу максатында аларды жакындарына жана ишенимдүү адамдарга каттатып жүргөнүн, “тергөөнүн жүрүшүндө анын жана жакын туугандарынын менчигинде 35тен ашык кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк аныкталганын” билдирген.

Низовский өзүнө козголгон кылмыш иши тууралуу азырынча үн ката элек.

Өткөн айда президент Садыр Жапаров көп жыл иштеген мектеп директорлорун иштен алуу, аларды атайын сынак аркылуу дайындоо тууралуу жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, беш жылдан көп иштеген мектеп директорлору иштен бошотулуп, кайра сынак аркылуу тандалууда.

Юрий Низовский 1991-жылдан бери директор болуп иштеп келаткан. Ал бул сынакка катышпай турганын айткан. Аны колдогон ата-энелер акция өткөрүшкөн.

XS
SM
MD
LG