Энергетика тармагы: бир катар ишканалар бириктирилип, ирилешет

"Датка-Кемин" көмөк чордону.

"Улуттук энергохолдинг" компаниясы бул тармактагы башкарууну реформалоо иштери тууралуу маалымат берди. Ага ылайык, акционерлердин кезексиз жыйынында бир катар компанияларды бириктирүү жана ирилештирүү чечимдери кабыл алынды.

"Концепцияга ылайык, компанияларды ирилештирүүдөн бир миллиард сомго чейин үнөмдөлөт, бул каражат энергетикадагы кубаттуулукту жогорулатууга жумшалат. Реформанын этап менен ишке ашыруунун алкагында жол картасы кабыл алынган. Биринчи баскычында "Улуттук энегохолдинг" Энергетика министрлиги менен бирге маселени чечүү жолдорун иштеп чыкты. Ага ылайык, "Түндүкэлектр", "Чыгышэлектр", "Ошэлектр" жана "Жалалабатэлектр" "Кыргызстандын улуттук электр тармагына" бириктирилет. Ал эми "Бишкекжылуулук" тармагы "Электр станциялары" ачык акционердик коомуна кошулат", -деп айтылат маалыматта.

Өткөн айда өкмөттүн жыйынында энергетика министри Доскул Бекмурзаев бул тармактагы жалпы каржылык тартыштык 15 милллиард сомдон ашканын билдирген.

Өткөн жылдын ноябрында Коопсуздук кеңеши энергетика тармагындагы башкаруу системасын өзгөртүү чечимин кабыл алган.

Кыргызстан бир канча жылдан бери энергетика тармагын реформалоого аракет кылып келет.

Дагы караңыз

Низовскийдин иши: УКМК Акыйкатчы институтун "популизмге" айыптады Кызыл-Кыя: мурдагы аялын зордуктаган, сабаган жаран камалды Кыргызстан быйыл Жапонияга 400 тонна бал жөнөтөтИсмайил Сагыналиев ИИМдин Орусиядагы өкүлү болуп дайындалдыИнтернаттагы өлүм: сот кылмыш иши "мыйзамсыз токтотулган" деп тапты Табарсыгы жарылганча сабалган жоокердин окуясы: кылмыш иши токтотулду Ислам шериктештиги оюндары: Алмаз Сманбеков күмүш медал утту