Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:48

Исмайил Сагыналиев ИИМдин Орусиядагы өкүлү болуп дайындалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков Исмайил Сагыналиевди аталган мекеменин Орусиядагы өкүлү кылып дайындады.

Мекеме тараткан маалыматка ылайык, ал алгач Кыргыз улуттук университетин, андан кийин ИИМдин академиясын аяктаган жана ички иштер органдарында 2003-жылдан бери иштейт.

Министрликтин буга чейинки өкүлү Нурлан Жанбаев болчу жана ал эмнеге кызматтан алынганы тууралуу маалымат берилген жок.

Буга чейин Орусиядагы кыргызстандык мигранттар арасында айрыкча маңзатка байланыштуу кылмышка шек саналып кармалгандар көбөйүп жатканы айтылган. Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги менен ИИМдин өкүлү буга байланыштуу жолугушуулар, түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын билдирген.

Ушул тушта расмий маалыматка ылайык, Орусияда миллиондон ашык кыргызстандык жаран иштеп жана жашап жүрөт.

XS
SM
MD
LG