Улуттук сыйлык быйыл 10-ирээт берилет жана сынакка 2020-2021-жылдары тартылган бардык жанрдагы тасмалар катыша алат. Анда сыйлыктар жалпысынан 18 номинацияда ыйгарылат.
Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи 30-августта Бишкекте өтөт.
“Ак илбирс” кино сыйлыгы жыл ичиндеги эң мыкты кинематография адисин, ошондой эле өлкөдөгү көркөм тасманын өсүүсүнө салым кошкондорду сыйлоо салтанаты болуп эсептелинет.
Аталган кино сыйлыкты 2012-жылы белгилүү кинематографтар негиздеген жана Кыргызстандын кино тармагындагы биринчи сыйлык болуп эсептелет. Ал Кыргызстан кинематографтар союзу жана "Айтыш" коомдук фондунун колдоосунда жыл сайын өткөрүлөт.
2020-жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу сыйлык тапшыруу аземи өткөн эмес.
Дагы караңыз
Ислам шериктештиги оюндары: Алмаз Сманбеков күмүш медал утту Бажы кызматкерлери аттестациядан өттүТабарсыгы жарылганча сабалган жоокердин окуясы: кылмыш иши токтотулду Мектеп директорлорун тандоо: компьютердик тестирлөө башталат Украинадагы согуш: Пермде өзбек диаспорасынын башчысы батальон түзүүнү сунуштады