Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:23

Украинадагы согуш: Пермде өзбек диаспорасынын башчысы батальон түзүүнү сунуштады


Жахонгир Жалоловдун мекендештери менен жолугушуусу тартылган видеону Vetta телеканалы жарыялады.
Жахонгир Жалоловдун мекендештери менен жолугушуусу тартылган видеону Vetta телеканалы жарыялады.

Орусиянын Пермь аймагындагы өзбек диаспорасынын башчысы Жахонгир Жалолов Украинадагы согушка катышуу үчүн "Тамерлан" деп аталган батальон түзүүнү сунуштады. Анын мекендештери менен жолугушууда тартылган видеосун Vetta телеканалы жарыялады.

Анда Жалолов: "Биздин балдарыбыз бала бакчага барат, мектептерде жана университеттерде окушат. Биз Орусияда жашап жана иштеп жүрөбүз. Биз жеген наныбызды актоого милдеттүүбүз. Каалоочулардын батальонун түзүп, аны Амир Тимур (Тамерлан) деп атоону сунуштайм",-деген.

"Коммерсант" басылмасы Украинадагы согушка катышуу үчүн Орусияда 40тан ашык ар кандай аталыштагы батальон түзүлгөнүн жазган.

Өткөн айдын аягында Өзбекстандын Тышкы эмгек миграция агенттиги жарандарды Орусияда жумуш тандоодо этият болууга чакырган. Анда борборазиялык мигранттарды жакшы маянага ишке чакырган жарыялар тарап жатканын, анын максаты Украинадагы жаңжалга тартуу экенин билдирген. Ошондой эле мекеме өзбек мыйзамдары башка өлкөнүн аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согушка катышууга тыюу саларын, андай аракеттер үчүн эркинен ажыратуу каралганын эскерткен.

Буга чейин Орусиядагы мигранттарды Украинадагы согушка барууга азгырган учурлар көбөйгөнү тууралуу маалыматтар чыккан. Согушта теги кыргызстандык бир нече жаран мерт болгон учурлар катталган.

XS
SM
MD
LG