Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:17

Мектеп директорлорун тандоо: компьютердик тестирлөө башталат


Мектеп директорлук кызматка тандоо учуру. 21-июль, 2022. Талас.
Мектеп директорлук кызматка тандоо учуру. 21-июль, 2022. Талас.

Бүгүн, 11-августта Баткен менен Жалал-Абад облусундагы мектеп директорлорун тандоо сынагынын алкагында компьютердик тестирлөө башталат.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, тестирлөөнү Билимдин сапатын жана маалымат технологияларын баалоо улуттук борбору өткөрөт. Андагы ачык-айкындуулук камсыз кылуу үчүн эркин коомдук уюмдардын өкүлдөрү байкоочу болот.

Аталган министрлик өткөн айда Талас облусунда мектеп директорлорун тандоого байланыштуу биринчи пилоттук сынак өткөргөн. Эки мектеп директорунун орду үчүн ат салышкан төрт талапкердин үчөө өтпөй калган.

Президент Садыр Жапаров 12-июлда мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү мекемелеринин жетекчилерин сынак менен тандоо тууралуу жарлыкка 12-июлда кол койгон.

Документ билим берүү уюмдарынын жетекчилерине кесипкөй адистерди тартуу, билим берүү чөйрөсүндөгү башкарууну жакшыртууга багытталганы кабарланып, сынактын шарттары президенттин сайтында толук жазылган.

Билим берүү жана илим министрлиги жаңы окуу жылына карата миңге чукул мектептин директору алмаша турганын билдирген. Мектеп директорлору беш жылдык мөөнөткө дайындалып, андан ашык иштегендер кызматынан бошотулат.

XS
SM
MD
LG