Жалал-Абадда бир нече айылда сел жүрдү

ӨКМ тараткан сүрөт.

Жалал-Абада облусунун Ала-Бука, Аксы, Чаткал райондорундагы бир катар айылдарда сел жүрүп, жолдорду жууп, турак жайларды суу каптады. Нөшөрлөгөн жаандын кесепетинен бул айылдарда сел 9-август күнү кечинде болгон. Учурда чыгымдарды тактоо жана тазалоо иштери жүрүп жатканын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады.

8-августта эртең менен Ысык-Көл районунда жааган жамгырдан кийин кокту-колоттон түшкөн суу Сары-Камыш айылынын чыгыш тарабындагы 20 гектар беде жана буудай аянтын каптаган. Быйыл селдин айынан Боомдун автожолу бир нече жолу убактылуу жабылып, темир жол каттамы убактылуу токтоп турат.

Кыргызгидромет кызматы 10-12-августта туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоо этектеринде жана тоолуу райондордо сел жүрүшү ыктымалдыгын эскертүүдө.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда жыл башынан бери 22 өзгөчө кырдаал катталып, анын кесепетинен өлкө боюнча 2731 турак үй, 46 социалдык объект, 242 чакырым автоунаа жолу, 38 ички чарбалык көпүрө, 1 605 гектар айдоо аянты, 52 чакырым сугат арыгы, 46 чакырым сел агуучу канал, 16 жеңил автоунаа жабыркаган. (TSh)

Дагы караңыз

Милиция умрага жиберем деп алдап кеткен шектүү кармалганын билдирдиТИМ кыргыз-казак чек арасындагы транзит жүк ташуу талкууланганын билдирдиЭкс-президент Жээнбековдун мурдагы жардамчысы Оштогу өкүлдүн орун басары болдуТоктогулга жана Соң-Көлгө балыктын 2 млн. 400 миң даана чабагы коё берилди