Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:33

Милиция умрага жиберем деп алдап кеткен шектүү кармалганын билдирди


Шектүүнүн милиция тараткан сүрөтү.
Шектүүнүн милиция тараткан сүрөтү.

Кадамжай райондук ички иштер бөлүмү кичи ажылык (умра) сапарына жөнөтөм деп элден акча чогултуп, алдап кеткен 39 жаштагы шектүү кармалганын маалымдады.

Милициянын маалыматына караганда, райондук ички иштер бөлүмүнө умра уюштурууга акча чогултуп, сапарга жөнөтпөй койду деген 16 арыз түшкөн. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү жыйырма адамдан 75 миң сомдон чогултканы белгилүү болгон. Учурда Кылмыш жаза кодексинин 209-беренеси (“Алдамчылык”) менен иш козголуп, тергөө башталды. Шектүү милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Мусулмандар Сауд Арабиясына ажылыктан сырткары умрага (кичи ажылык) каалган убакта барса болот. Кыргызстанда умра сапарын уюштурган атайын фирмалар бар. (TSh\JsA)

XS
SM
MD
LG