Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:05

ТИМ кыргыз-казак чек арасындагы транзит жүк ташуу талкууланганын билдирди


Кыргыз-казак чек арасы. Архивдик сүрөт.
Кыргыз-казак чек арасы. Архивдик сүрөт.

Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дүйшекеев ал өлкөнүн Каржылык мониторинг агенттигинин төрагасы Жанат Элиманов менен жолугуп, Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөргө Казакстан аркылуу транзит жүктөрдү ташуу маселесин талкуулашты. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

“Элчи Дүйшекеев буга чейин эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын деңгээлинде транспорт жана жүктөрдү ташуу жаатында жетишилген макулдашууларды сактоонун маанилүүлүгүн белгиледи”, - деп айтылат билдирүүдө.

Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилектин" өткөрмө бекетинде акыркы жылдары маал-маалы менен жүк өткөрүүдө узун кезек пайда болуп турат. Казакстан транзиттик жүктөрдө аткезчилик болуп жатканын айтып келет.

Кыргызстандык товар өндүрүүчүлөр, айыл чарба продукцияларын Казакстандын өзүнө жана Орусияга ташыйт. Торугарт аркылуу Кытайдан транзит жүктөрү дагы Казакстан аркылуу өтөт. Беларус, Казакстан, Орусия 2010-жылы Бажы биримдиги катары түзгөн ЕАЭБге Кыргызстан менен Армения 2015-жылы кошулган. (TSh)

XS
SM
MD
LG