G7: Орусия Запорожье АЭСин Украинага өткөрүп бериши керек

Запорожье АЭСи.

G7 – “Чоң жети” уюмуна кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери жана Евробиримдиктин өкүлү Орусияны Запорожье атомдук электр станциясын (АЭС) Украинанын карамагына өткөрүп берүүгө чакырды.

“Биз Запорожье АЭСин толук көзөмөлдөөнү анын ээси Украинага кайтарып берүүнү Орусиядан талап кылабыз. Ошондой эле бул объектилердин коопсуз иштешин камсыз кылуу үчүн Украинанын чек араларындагы бардык өзөктүк объектилерди кайтарып бериши керек”, — деп айтылат билдирүүдө.

Анда Запорожье атомдук электр станциясында иштеп жаткан украиналык жумушчулар өз милдеттерин эч кандай басымы жок аткарышы керектиги да жазылган. Мындан тышкары Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) кызматкерлери Украинадагы бардык атомдук станцияларга тоскоолдуксуз кирүүгө шарт түзүлүшү керектиги айтылат.

Украинанын Запорожье атомдук электр станциясы ушул тапта орус аскерлеринин көзөмөлүндө турат. Аны украин кызматкерлери башкарат. Ишембиден жекшембиге караган түнү станциянын аймагы аткыланган. Бул үчүн Орусия менен Украина бири-бирин айыптады.

Европадагы эң ири атомдук электр станциясынын айланасындагы акыркы окуяларга байланыштуу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш, Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик тынчсыздануусун билдирди.

Дагы караңыз

Москва: каза болгон эки кыргыз жарандын сөөгү мекенине жөнөтүлдүОвсянниковага Кремлдин жанындагы пикет үчүн кылмыш иш козголдуОш мэриясы таза суу маселесин чечүүгө 250 млн. сомдук тендер жарыялады Акыйкатчы институту зомбулук тууралуу БУУга өзүнчө баяндама даярдайт Өзбекстандын Орусиядагы элчилиги согушка катышкан жарандары жоопко тартыларын эскерттиЭкс-президент Жээнбековдун мурдагы жардамчысы Оштогу өкүлдүн орун басары болдуЯнварь окуяларына айыпталгандардын ата-энелери "Акыйкат маршына" чыкты