Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:45

Акыйкатчы институту зомбулук тууралуу БУУга өзүнчө баяндама даярдайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Акыйкатчы институту Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары комитетине балдарга жана аялдарга карата зомбулук фактылары, соңку жагдай тууралуу альтернативдүү баяндама даярдайт. Буга байланыштуу жумушчу топ 9-августта жыйынга чогулду.

“Акыркы учурда балдарга жана аялдарга карата зордук-зомбулук окуялары жүрөктүн үшүн алды. Бир окуяны угуп, анын артынан түшкүчө экинчи окуя, үчүнчү окуя катталып жатат. Зордук-зомбулукка кабылган кайсы бир окуя ачыкка чыкканда гана коомчулук эки-үч күнгө дүрбөлөңгө түшүп кызуу талкуулап, кайра бат эле унутуп калат. Экинчиден, "жабыркаган тарап арыз жазган жок же тосмо арыз берди, шектүүнүн күнөөсү далилденген жок, иш сотко жетпей жабылган" деген ар кандай себептер менен катталган окуяны териштирүү аягына чыкпайт”, - деп айтылат мекеме тараткан маалыматта.

Өткөн аптада президент Садыр Жапаров аялдар жана балдар кабылган зордук-зомбулукка байланыштуу соттук иштерди Жогорку сот көзөмөлгө алышы керектигин билдирген.

Соңку кездери мындай бир катар факты катталды. Мындан улам ушул айдын башында 40ка жакын бейөкмөт уюмдун өкүлдөрү Садыр Жапаровго кайрылып, аялдар менен балдардын коопсуздугу оорлоп баратканын билдиришкен.

XS
SM
MD
LG