Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:57

Овсянниковага Кремлдин жанындагы пикет үчүн кылмыш иш козголду


Марина Овсянникова.
Марина Овсянникова.

Орусиянын Тергөө комитети “Биринчи каналдын” мурдагы редактору Марина Овсянниковага Кремлдин фонунда пикет өткөргөнү үчүн кылмыш ишин козгоду. Ал 15-июлда “Путин канкор, анын аскерлери фашист. 352 бала каза болду” деген сөздөр жазылган плакатты көтөрүп алып Кремлдин жанына нааразылык акцияга чыккан.

10-августта эртең менен Овсянникованын үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, кийин суракка алып кетишкен. Анын жактоочусу Дмитрий Захватовдун айтымында, тинтүү “Орусиянын Куралдуу күчтөрү тууралуу атайылап жалган маалыматты коомчулукка таратуу” беренеси менен козголгон иш боюнча жүргүзүлгөн.

Черемушкин райондук соту 8-августта Марина Овсянникованы орус армиясын жаманатты кылган деген негизде дагы бир доого жыгып, социалдык тармактардагы билдирүүлөрү үчүн 40 миң рубль айып пул салган.

Ал 14-мартта “Время” программасынын кечки чыгарылышындагы түз эфирде студияга кирип барып, алып баруучу Екатерина Андрееванын артында “Согушту токтоткула! Пропагандага ишенбегиле. Бул жерде силерге калп айтып жатышат” деген плакатты көтөрүп чыккан. “Согушту токтоткула!” жана “Согушка жол жок!” деп кыйкыра баштаганда режиссёрлор эфирди башка сюжеттин кадрлары менен жабууга аргасыз болушкан.

Москванын Останкино соту Овсянниковага карата “Орусия армиясын дискредитациялоо” боюнча кылмыш ишин каттап, ага 30 миң рубль айып пул салынган.

Марина Овсянникова апрелде өлкөдөн чыгып кетип, Германиянын Die Welt гезитине штаттан тышкаркы кабарчы болуп жумушка орношкон. Кийин кайра иштен чыгып кетип, июлдун башында Орусияга кайтып барган.

XS
SM
MD
LG