Тоолуу Бадахшан автоном облусунун бейрасмий лидери Толиб Аюмбековдун дагы бир уулу Хасанали Абдурахмонов 12 жылга эркинен ажыратылды. Бийлик өкүм боюнча эч кандай түшүндүрмө бере элек.
“Азаттыктын” тажик кызматынын өздүк булактарынын айтымында, 25 жаштагы Абдурахмонов “Бейбаштык”, “Мыйзамсыз курал-жарак сактоо” жана “Уюшкан кылмыштуу топко мүчө болуу” беренелери боюнча күнөөлүү деп табылган. Ал агасы Гүломали менен бирге 23-июлда кармалган. Сотто өзүнө коюлган айыптардын баарын четке каккан.
“Азаттыктын” эки булагы Тоолуу Бадахшандын облустук соту 2012-жылы киши колдуу болгон генерал Абдулло Назаровдун өлүмүнө катышы бар деген айып менен Хорогдун үч тургунун өмүр бою эркинен ажыратканын айтып берген. Арасында Гүломали Аюмбеков да бар.
Толиб Аюмбеков өзү 11-июнда Хорог шаарында кармалган. Ички иштер министрлиги (ИИМ) ага адам өлтүрүү, бейбаштык, каракчылык, баңгизат жана курал-жарак сатуу менен айып койгон. Аюмбековдор жана анын жакындары бул иштер боюнча азырынча үн ката элек.
Дагы караңыз
Мектептерде дин тарыхын окутуу боюнча 2600 мугалим даярдалатБеларустагы элдик толкундоолорго эки жыл болду Зеленский Батышты орусиялыктарды киргизүүгө тыюу салууга чакырдыАдвокат: Викрам Рузахуновду казак прокуратурасы чакыра элекБокс боюнча дүйнө чемпиону Дмитрий Бивол Кыргызстанга келдиМурдагы канцлер Шредер партиядан чыгарылбай турган болдуКыргызстандын Чикагодогу башкы консулдугу иштей баштады